Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXV cессиясы
2019-жылдын 12-февралы № 6
Айыл аймагындагы кожолуктардын мал жандыктарына көрсөтүлүчү ветеринардык кызмат акыларынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, жаратылышты коргоо жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Шатмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айыл аймагындагы кожолуктардын мал жандыктарына көрсөтүүлүчү ветеринардык кызмат акыларынын өлчөмү төмөндөгүдөй бекитилсин.
1.Аныктама жазууга-100 сом
2.Чакыруу боюнча баргандыгы үчүн-100 сом (эки чакырымдан ашса)
3.Жылкыларды дарылоо үчүн-40-60 сом (салмагына жараша)
4.Жылкылардан кан алуу үчүн-50 сом
5.Жылкыларды эмдөө үчүн
-булчуң этине-20 сом
-кан тамырына-50-55 сомго чейин
6.Бодо малдан кан алуу үчүн-30 сом
7.Бодо малды вакцинациялоо үчүн-30 сом
8.Бодо малды дегельментациялоо үчүн-30 сом (дарыдан сырткары ичеги курт, аскарида ж.б)
9.Уйларды төлдөтүү үчүн-500-1000 сомго чейин
10.Төлдөгөн уйлардын тонун тазалоо үчүн-500-800 сомго чейин
11.Кой, Эчкилерди ваксинациялоо үчүн-15 сом
12.Кой эчкилерге дары берүү үчүн-15 сом
13.Канаттууларга дары берүү үчүн-10 сом
14.Ит, мышыктарды эмдөө үчүн-30 сом
15. Ит, мышыктарга дары үчүн-30 сом
16. Бодо малдардын кулагына сырга салуу үчүн-80 сом
2. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |