Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXV cессиясы
2019-жылдын 11-апрели № 1
Жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмеси (ЖПК) аркылуу алынуучу ар бир малдан алынуучу жайыт акчаларынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, суу, курулуш, жаратылышты коргоо жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Шатмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. 2019-жылга карата ЖПК аркылуу ар бир айыл чарба малдарынан алынуучу жайыт акчаларынын өлчөмү төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. Бир баш кара малга 50(элуу) сомдон
2. Бир баш жылкыга 60(алтымыш)сомдон
3. Бир баш кой эчкиге 10(он) сомдон
4. Бир баш эшеке 90(токсон) сомдон
2. Жайыт эсебиндеги жерлерди көрктөндүрүүгө ж. б. багытта пайдалануунун ижара акысы жерлердин кыртышына карап төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. Көрктөндүрүү үчүн 0,01га 50(элуу)сомдон
2. Чөп чабынды үчүн 0,01га 6(алты)сомдон
3. Өндүрүлгөн акча каражаты толук бойдон айыл өкмөтүнүн эсебине төгүлсүн жана анын үчтөн эки бөлүгү жайыттардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө иштетилсин.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, суу, курулуш, жаратылышты коргоо жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |