Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы
2019-жылдын 11-апрели № 3
Айыл окмотунун муниципалдык менчигиндеги Т-82 Белорус трактору жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин бюджет, каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Жедигеровдун билдирүүсүндө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине караган Т-82 Белорус тракторун буга чейин Ү.Турдубаев атындагы орто мектеби пайдаланып келген. Бүгүнкү күнү эскилиги жеткен жараксыз абалга келип калгандыктан аны көтөрүлгөн баада сатуу боюнча маселени койду.
М. Жедигеровдун билдирүүсүнөн кийин айрым депутаттар тракторду сатуунун ордуна 2019-жылдын жарым жылдыгынан кийин анын ремонтуна бюджеттен тиешелуу суммада каражат бөлүштүрүп ондоп койсок, мындан ары элге көп кызмат көрсөтөт эле деген сунуштарын киргизишти. Жогоруда киргизилген эки сунушту колго салган учурда копчулук депутаттар экинчи сунушту колдошушту.
Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ү.Турдубаев атындагы орто мектебинин пайдалануусунда болуп келген айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Т-82 Белорус трактору эскилиги жетип, анын тетиктери жоюлуп кетер астында калгандыктан көтөргөн баада жеке адамга сатып жок кылуунун ордуна аны оңдоп түзөө үчүн 2019-жылдын бюджетине экинчи жарым жылдыгын өзгөртүүлөр киргизүү менен тиешелүү каражат бөлүнсүн.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |