Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы
2019-жылдын 11-апрели №4
Айыл өкмөтүнүн менчигиндеги “Белорус-892,2” тракторунун элге кызматкөрсөтүүдөгү кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Жедигеровдун билдирүүсүндө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жаңы келген “Белорус-892,2” маркасындагы трактору сокосу жана пресс таңгактагычы менен элге кызмат кылууга даяр. Ошондуктагы ал трактор коомдук болгондуктан, кызмат акы өлчөмдөрүн карап беришибиз керек экендигин айтып 2019-жылга айыл тургундарынын сунуштарынын негизинде түзүлгөн тарифтер менен тааныштырып кетти.
1,0га айдоо аянтын айдоо үчүн 2500 (эки миң беш жүз)сом
1,0га дың жерди айдоо үчүн 3000 (үч миң)сом
Жер участокторун айдоо үчүн 0,01га жер аянтына 80 (сексен) сомдон
0,01га жер аянтын малалоо үчүн 10(он) сомдон
Ар бир чөп таңгагы үчүн 13(он үч)сомдон
М. Жедигеровдун билдирүүсү боюнча тааныштырган трактордун кызмат акы өлчөмдөрү сессияга катышкан депутаттар бир добуштан колдошту.
Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Белорус-892,2” тракторунун айыл калкына кызмат көрсөтүү боюнча кызмат акы өлчөмү жогорудагыдай бекитилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүн расмий сайытына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |