Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы
2019-жылдын 11-апрели № 5
Б. Өмүшова атындагы балдар бакчасынын имаратын башка имаратка көчүрү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Камчыбек уулу Шекербек төмөндөгүдөй билдирүү жасады. 2018-жылы февраль айында Б.Өмүшова атындагы балдар бакчасынын имаратында бүгүнкү күнгө 60 бала тарбияланып жатат. Айыл аймагындагы Баялы-Ата, Туюк-Жар, Тосту, Чеч-Төбө айылдарынын тургундарынын суроо талаптарына ылайык балдар бакчасын кеңейтүү максатында жаңыдан капиталдык ремонттон өткөн Тейлөө үйүнүн имаратына которуу боюнча айылдык кеңештин сессиясында каралып макулдук берилген. Арадан бир жылдан ашуун убакыт өтсө дагы сессиянын токтому кандайдыр бир себептер менен аткарылбай, балдар бакчасы которулбай жатат. Ошого байланыштуу жогорку көрсөтүлгөн айылдардын тургундарынан айылдык кеңешке кайрылуу түшкөн. Кайрылуунун мазмуну менен тааныштырды. Андан соң айыл өкмөтүнүн башчысы У. Керимкуловдон жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Субановдон жооптор алынды.
Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Тейлөө үйүнүн балдар бакчасына пайдаланууга багыты өзгөртүлүп 2019-жылдын 1-июнуна чейин толугу менен көчүрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышындагы жоопкерчилик айыл өкмөтүнө жана Б. Өмүшова атындагы мектепке чейинки уюмдун жетекчиси З. Туралиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтом айыл өкмөтүн расмий сайытына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |