Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы
2019-жылдын 11-апрели № 6
Айыл аймагынын Туюк-Жар айылынын тургундарынан түшкөн кайрылууну кароо жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартиби жана этика маселелери туруктуу комиссиянын төрагасы Камчыбек уулу Шекербек төмөндөгүдөй билдирүү жасады. Туюк-Жар айылынын мурунку тургуну эмгек ардагери маркум Жуманкулов Нурмамат жашаган көчөгө анын ысымын ыйгаруу боюнча кайрылуу келип түшкөндүгүн жана тиешелүү баштапкы иш кагаздары жобого негиз экендиги, бирок Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жайларды каттоо өнөктүгү жүргөндүктөн. 2017-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №690 токтому менен 2020-жылдын 31-декабрына чейин көчөлөргө ат коюу, атын алмаштырууга тыюу салынган. Ал токтомду аткарууга мажубурбуз.
Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айыл аймагынын Туюк-Жар участкасынын маркум Жуманкулов Нурмаматтын ысымы өзү жашаган көчөгө ыйгаруу жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуусу Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан жарыяланган мораторияга ылайык 2020-жылдын 31-декабрына чейин артка кайтарылсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |