Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXVI cессиясы
2019-жылдын 11-апрели №7
Айыл аймагынын Айбек участкасындагы жаратылыш посту жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Камчыбек уулу Шекербек төмөндөгүдөй билдирүү жасады. Айыл аймагынын Айбек участкасында бир топ жылдардан бери Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу өткөрүү постун коюп, тагыраак айтканда жыл мезгилинин май айынан сентябрь айына чейин биздин аймакка эс алуу үчүн келген инсандардан акча каражатын өндүрүп келген. Ал эми, калган мезгилдерде жаратылыш байлыктары болгон жыгач, отун маселеси боюнча көзөмөл пост катары пайдаланып келишкен. Айыл өкмөтүнүн бюджетин кеңейтүү максатында айыл өкмөтү корук менен келишип эс алууга келген жарандардан алынуучу акча каражаттарынын эсебинен айылдык кеңештин чечиминин негизинде белгилүү пайызда айыл өкмөтүнүн эсебине которуп келинген. Тилекке каршы, Аксы районунун прокуратурасы тарабынан текшерилип айылдык кеңеш тарабынан чыгарылган чечим мыйзамсыз деп табылып, чечимди жокко чыгаруу боюнча каршы пикир келтирилген. Албетте, айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечим мыйзамсыз болсо, прокуратура тарбынан келтирилген каршы пикирдин негизинде чечимибизди жокко чыгарууга милдеттүүбүз. Ошондуктан, Падыша-Ата мамлекеттик коругу тарабынан коюлган өткөрүү посту айыл өкмөтүнүн бюджетин кеңейтүүгө эч кандай пайдасы жок болгондуктан айыл аймагынын Айбек участкасынан түп тамырынан алып салууну сунуш кыламын.
Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айыл аймагынын Айбек участкасына Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу тарабынан коюлган пост түп тамырынан алынып айыл аймагы менен коруктун чек арасына Жайык участкасынын Чуңкур-конуш сайына жылдыруу жагы коруктун жетекчилигине жүктөлсүн.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |