Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXVII cессиясы
2019-жылдын 26-апрели № 1
“Эл кат” ЖЧКсынын кайрылуусун кароо жонундо
Каралган маселе боюнча айылдык кенештин айыл чарбасы, жер, турак жай, суу, жаратылышты коргоо жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Э.Шатманов “Эл кат” ЖЧКсынын кайрылуусу менен тааныштырылды. Кайрылууда айыл аймагы аркылуу Ала-Бука жана Чаткал райондорун интернетке туташтырууну жакшыртуу максатында 3500-4000 чакырым аралыкка темир мамычаларын жана магистралдык, оптика- волокондук чубалгыларын орнотууга уруксат беруу маселеси коюлгандыктан сессия угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.”Эл кат” ЖЧКсынын кайрылуусу төмөндөгүдөй шартта канааттандырылсын.
-Социалдык пакет түрүдө айыл аймагында жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратына, К.Абдрахманов жана Б.Нармырзаев атындагы орто мектептерине интернет байланышы үчүн чубалгы тартып беруу шарты коюлсун.
2.Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, суу, жаратылышты коргоо жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |