Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXVII cессиясы
2019-жылдын 26-апрели №2
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 2030 аскер бөлүгүнүн кайрылуусу жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кенештин айыл чарбасы, жер турак жай, жаратылышты коргоо жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Шатманов Эралы кайрылуу боюнча маалымат берип, биздин аймак туштук тарабынан Өзбек Республикасы менен чектешкендиктен, чек араны чындоо максатында Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы тарабынан айыл аймагынын Оро башы сайынын оозунун батыш тарабындагы дөңсөгө техникалык көзөмөлдөөчү автономдук пост куруу мумкунчулугу болгондуктан жалпысы 1600м2 жер аянтын болуп берүүгө макулдук берүү жагын сурагандыктан, туруктуу комисиясынын отурумунда карап сессияга сунуштады. Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 2030 аскер бөлүгүнүн кайрылуусу канааттандырылып, Кыргыз-Өзбек чек арасын чындоо максатында айыл аймагынын Оро-Башы участкасындагы сайдын оозунун батыш тарабындагы дөңсөгө техникалык көзөмөлдөөчү автономдук постун куруу үчүн жалпысы 1600м2 жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелуу жер аянтын мыйзам чегинде ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |