Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXVII cессиясы
2019-жылдын 26-апрели № 3
Айылыбыздын таланттуу ырчысы” Маданияттын мыкты кызматкери”Мырзалиева Жаркына Төлөгөновнага “Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кенештин мыйзамдуулук ,укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Камчыбек уулу Шекербек чыгып сүйлөп “Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча топтолгон иш кагаздар менен тааныштырды. Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айылыбыздын таланттуу ырчысы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси Мырзалиева Жаркынай Төлөгөновнанын бир эле айыл аймагына эмес, буткул Республиканын маданиятынын өнүгүшүнө кошуп жаткан зор салымы үчүн “Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын тастыктоочу белгилер менен камсыз кылуу жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айыл кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |