Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXVII cессиясы
2019-жылдын 26-апрели № 4
Бириккен улуттар уюмунун “Элеттик аялдардын укуктарын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кенейтүү” программасын айыл аймагында турмушка ашыруу жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кенештин мыйзамдуулук,укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Камчыбек уулу Шекербек чыгып сүйлөп депутат айымдар Ботобаева Тажигүл жана Мавлянова Жийдегүлдөр бүгүнкү күнү БУУнун “Элет айымдарынын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” программасынын алкагында айымдардын өз ара жардамдашуу топторун түзүү менен Сүт азыктарын иштеп чыгуучу цех ачуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 10000 (он миң) сом акча каражатын бөлүп берууну суранышкандыгын айтты.
Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Айылдык кеңештин депутат айымдары Ботобаева Тажигүл жана Мавлянова Жийдегүлдөрдүн сунуштарын эске алып, айыл аймагында айымдардан түзүлгөн өз ара жардамдашуу топторунун ишин жандандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10000(он миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айыл өкмөтүнүнүн мыйзамдулуук, укук тартиби жана этика маселелери бонча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Мамадалиев |