Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № 10/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17-октябрь 2018-жылы №01-18/126буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону негиз кылып өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Кара-Жыгач айылдык кенешинин 18.12.2018-жылдагы №8/2 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо бекитилсин. 2. Кара-Жыгач айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларынын сапаттык жана персоналдык курамы 11 адамдан болуп төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
1.Картаев Нурдин - Кара-Ой айылынын жашоочусу-төрага
2.Осмонбеков Төрөбек - Ардагерлер кенешинин төрагасы-орун басар
3. Сакабаев Аркытбек - А/ө жер адиси-катчысы
4. Сулайманов Батырбек – Аксакалдар сотунун төрагасы-мүчө
5. Ташыбеков Бакытбек – А/ө Өзг.кырд.боюнча башкы адис-мүчө
6. Анарбаев Надырбек - Кара-Жыгач айылын тургуну-мүчө
7.Мекеев Райымкул – Дардак-Дөбө айылынын тургуну-мүчө
8.Шерипбаева Дилбар – А/к депутаты-мүчө
9.Төлөгөнов Эрмек - А/к депутаты-мүчө
10.Калчабеков Алмазбек - А/к депутаты-мүчө
11.Абдрахман уулу Бакытбек - А/к депутаты-мүчө
3. Айыл өкмөтү комиссиянын ишмердуулугун материалдык техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Комиссиянын туруктуу иштөөсүнө бөлмө(кабинет) бөлүп берүү жана материалдык техникалык жактан камсыздоо 01.02.2019-жылга чейин уюштурулсун.
5. Кара-Жыгач айылдык кенешинин 18.12.2018-жылдагы №8/2 токтому күчүн жоготту деп табылсын .
6. Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн. 7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Жыгач айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 8.Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирсин жана сайтка жарыялансын.
Төрага | Ш.Мазакеев |