Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 10/3
Кара- Жыгач айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорку Кенештин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-111 типтүү жобосун негиз кылып айыл чарба жерлерин ,кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комисиянын курамы төмөндөгүдөй жети кишиден түзүлсүн.
1. Шакиев Сталбек- айылдык кенештин депутаты- комиссиянын төрагасы.
2.Ташкулова Шайыргүл -айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы- катчысы.
3. Сөкөев Ильичбек- айылдык кенештин депутаты - мүчөсү
4.Маматкеримов Алманбет- айыл кенешинин депутаты- мүчөсү
5. Момунбеков Турдалы- айыл өкмөтүнүн башчысы - мүчөсү
6. Ташыбеков Бакытбек - айыл өкмөтүнүн сатып алуу боюнча башкы адиси- мүчөсү
7. Атабаев Тилекберди -айыл башчы- мүчө
2. Жер комисиясынын ишинин регламентин 15.02.2019-жылга чейин иштеп чыгуу жана айылдык кенештин сессиясында бекитүү жагы комисиянын төрагасына милдетендирилсин.
3. Комисиянын ишмердүүлүгүн уюштуруу ,материалдык -техникалык жактан камсыздоо, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго милдеттендирилсин. 4.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн 5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн. 6.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |