Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 10/4
Кара- Жыгач айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган жер участокторун акылуу менчик же укуктарын берүүнүн тартиби жана шартары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрдагы №571 токтомуна негиз муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча төмөндөгүдөй 7 адамдан турган комисия түзүлсүн
1. Сөкөев Ильичбек- айылдык кенештин депутаты комисиянын- төрагасы.
2. Ташкулова Шайыргүл -айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы -катчы
3. Маматкеримов Алман -айыл кенешинин депутаты -мүчөсү
4. Шакиев Сталбек -айыл кенешинин депутаты-мүчөсү
5. Момунбеков Турдалы- айыл өкмөтүнүн башчысы-мүчөсү
6. Ташыбеков Бакытбек - айыл өкмөтүнүн салыкчысы мүчөсү
7. Атабаев Тилекберди- айыл башчы- мүчө
2. Жер комисиясынын ишинин регламентин 15.02.2019-жылга чейин иштеп чыгуу жана айылдык кенештин сессиясында бекитүү жагы комисиянын төрагасына милдетендирилсин.
3. Комисиянын ишмердүүлүгүн уюштуруу ,материалдык -техникалык жактан камсыздоо, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |