Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 10/5
Кара- Жыгач айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин менчиктештирүү, пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчик жөнүндө 2002-жылдын 15-март №37 КР Мыйзамынын 12-15-беренелерине негиз муниципалдык менчик обьектилерин менчиктештирүү ,пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда 7 адамдан түзүлсүн .
1. Маматкеримов Алман- айылдык кенештин депутаты комисиянын- төрагасы.
2. Ташкулова Шайыргүл -айыл өкмөтүнун катчысы комисиянын- катчысы.
3. Шакиев Сталбек- айыл кенешинин депутаты- мүчө.
4. Сөкөев Ильичбек- айыл кенешинин депутаты -мүчөсү.
5. Момунбеков Турдалы -айыл өкмөтүнүн башчысы -мүчөсү.
6. Кайыпов Шермырза- айыл өкмөтүнүн салыккчысы-мүчөсү
7. Жоробаев Адылбек- айыл башчы- мүчөсү
2. Жер комисиясынын ишинин регламентин 15.02.2019-жылга чейин иштеп чыгуу жана айылдык кенештин сессиясында бекитүү жагы комисиянын төрагасына милдетендирилсин. 3.Комисиянын ишмердүүлүгүн уюштуруу ,материалдык -техникалык жактан камсыздоо, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго милдеттендирилсин. 4.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн 5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн. 6.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |