Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 10/7
Жер участогун жеке турак жай курууга берүү боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жер участокторун жеке турак жай курууга берүүнүн тартиби жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген жобого негиз жер участогун турак жай курууга берүү боюнча томондогудой 7 адамдан турган комисия тузулсун.
1.Шакиев Сталбек- айыл кенешинин депутаты- комисиянын төрагасы.
2. Ташкулова Шайыргүл -айыл өкмөтүнүн катчысы- катчы.
3. Маматкеримов Алман айыл кенешинин депутаты-мүчө.
4. Сөкөев Илич -айыл кенешинин депутаты-мүчө
5. Момунбеков Турдалы -айыл өкмөтүнүн башчысы-мүчө.
6. Ташыбеков Бакытбек - айыл өкмөтүнүн сатып алуу боюнча башкы адиси -мүчө
7. Кулчороев Дооронбек- айыл башчы-мүчө
2. Жер комисиясынын ишинин регламентин 15.02.2019-жылга чейин иштеп чыгуу жана айылдык кенештин сессиясында бекитүү жагы комисиянын төрагасына милдетендирилсин. 3.Комисиянын ишмердүүлүгүн уюштуруу ,материалдык -техникалык жактан камсыздоо, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго милдеттендирилсин. 4.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн 5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн. 6.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |