Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 10/8
Турак жай, курулуш коперативтерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак жай курулуш коперативтерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3- мартындагы №139 токтому менен бекитилген типтүү жобону негизде турак жай курулуш коперативтерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча 7 адамдан турган томондогудой комисия тузулсун
1. Сөкөев Ильичбек- айыл кенешинин депутаты- төрага .
2. Ташкулова Шайыргүл - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы- катчы
3. Шакиев Сталбек- айыл кенешинин депутаты- мүчө
4. Маматкеримов Алман айыл кенешинин депутаты- мүчө
5. Момунбеков Турдалы айыл өкмөтүнүн башчысы- мүчө
6. Накенов Собурбек айыл өкмөтүнүн салыкчысы- мүчө
7. Атабаев Тилекберди айыл башчы- мүчө
2. Жер комисиясынын ишинин регламентин 15.02.2019-жылга чейин иштеп чыгуу жана айылдык кенештин сессиясында бекитүү жагы комисиянын төрагасына милдетендирилсин. 3.Комисиянын ишмердүүлүгүн уюштуруу ,материалдык -техникалык жактан камсыздоо, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго милдеттендирилсин. 4.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн 5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн. 6.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |