Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 10/8
Турак жай маселелери боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө.
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 КР турак жай кодекси, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №557 токтомунун негизинде.Турак жай маселелери боюнча 7 адамдан турган төмөндөгүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн
1. Шакиев Сталбек- айыл кенешинин депутаты- комисиянын төрагасы.
2. Ташкулова Шайыргүл-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы- катчы
3.Сөкөев Ильичбек- айыл кенешинин депутаты- мүчө.
4. Маматкеримов Алман- айыл кешинин депутаты- мүчө
5. Момунбеков Турдалы-айыл өкмөтүнүн башчысы- мүчө
6.Кайыпов Шермырза- айыл өкмөтүнүн салыкчысы-мүчө.
7.Атабаев Тилекберди- айыл башчы-мүчө.
2. Жер комисиясынын ишинин регламентин 15.02.2019-жылга чейин иштеп чыгуу жана айылдык кенештин сессиясында бекитүү жагы комисиянын төрагасына милдетендирилсин. 3.Комисиянын ишмердүүлүгүн уюштуруу ,материалдык -техникалык жактан камсыздоо, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго милдеттендирилсин. 4.Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн 5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн. 6.Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |