Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 10/11
Кара- Жыгач айыл өкмөтүндөгү бүткөрүлгөн жана катталбаган имараттарды айыл өкмөтүнүн балансына тартуу жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер курулуш ,архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тор-Камыш айылындагы спорт залдын документи жана Чарба айылындагы спорт аянтчанын документи 3айлык мөөнөттө бүткөрүлсүн.
2. Кара-Жыгач айыл аймагындагы фельдшердик –акушердик пунктары, үй бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан имараттарынын, Кара-Булак тоосундагы телемунаранын имараты, мечиттердин жана АРИС тарабынан бүткөрүлгөн мончолордун документтерин такталып, 4 айлык мөөнөттө баланска тартылсын.
3. Токтомдун аткарылышы жана аталган имараттардын документтерин тактоо жагы айыл өкмөт башчысы -Т.Момунбековго милдеттендирилсин .
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер курулуш, архитектура,айыл чарба, экология,транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |