Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 11/1
Кара-Жыгач айылдык кенешинин 18.12.2018-жылдагы №8/4 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Сыны №3 А.Молдокеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин ашканасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү проектисине түрткү берүүчү грантка өздүк салым катары 2019-жылдагы бюджеттен 31112390 беренесинен 150 000( жүз элуу мин) сом бөлүнүп берилсин.
2. Түрткү берүүчү грантка өткөрүү боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жана иш чараларды иштеп чыгуу жана жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин билим берүү ,саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кара-Жыгач айылдык кенешинин 18.12.2018-жылдагы №8/4 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
6. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |