Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 11/3
“Кара-Жыгач айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын кенешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап Кара-Жыгач айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Кара-Жыгач айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобо кабыл алынсын (№1 тиркеме 1 баракта)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
4. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |
Кара-Жыгач айылдык кенешинин 2019-жылдын 14-февралындагы X чакырылышынын кезексиз XI сессиясынын №11/3 токтомунун №1 тиркемеси
1.1. Бул жобо «Кара-Жыгач айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2, «Кара-Жыгач айыл аймагынын ардактуу атуулу» (мындан ары-ардактуу атуул) наамы жаштарга, коомчулукка үлгү болуу максатында эл үчүн кызмат кылып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, сырттан инвестиция тартып, эл агартуу жана медицина, спорт, маданият ж,б. чөйрөсүндө көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип, өзүнүн улгүлүү журүм- туруму менен айырмаланган, аймактын өсүп- өнүгүүсүнө, сыймыгын, кадыр- баркын көтөрүүдө салым кошкон жана коомдук иштерге активдүү катышкан жарандарга берилет.
1.3, « Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме ишканалардын жамааты, коомдук саясий уюмдар, райондук мамлекеттик администрация, айылдын жашоочулары ээ болушат.
1.4. « Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу боюнча тийиштуу документтерди айыл өкмөтү кабыл алып, айылдык кеңештин кароосуна жөнөтөт.
1.5. «Ардактуу атуул» наамы бир жылда 1- 3 адамга чейин берилет.
2. «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруудагы негизги документтер:
2.1. Паспорттун көчүрмөсү
2.2. Резюме, өмүр баяны.
2.3. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
2.4. Демилгечи топтун чогулушунун протокол токтому.
2.5 Жасаган иштеринин баяндамасы.
2.6. Алган мамлекеттик сыйлыктарынын көчүрмөсү
2.7. Сүрөт 3х4 2 даана.
2.8. Мурда соттолбогондугу тууралуу тактама
3. « Ардактуу атуул» наамынын ыйгаруу тартиби.
«Ардактуу атуул» наамы айылдык кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын көпчулүк добушу менен ыйгарылат жана маалымат каражаттарына жарыяланат.
«Ардактуу атуул» лентасы, төш белгиси,күбөлүк, кагазы атайын рамкага салынат жана тийиштуу документтерине Айылдык кеңештин төрагасы кол коет жана мөөрү басылат.
«Ардактуу атуул» наамы тийиштүү даталуу күндөрдө берилет.
Төрага: Ш.Мазакеев