Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 11/4
Аксы районунун мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кара-Жыгач айыл өкмөтү түзгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл аймагындагы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Аксы районунун мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кара-Жыгач айыл өкмөтү түзгөн келишимди бекитүү жөнүндө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Аксы райондук Мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |