Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 11/5
Кара-Жыгач айылдык аймагындагы жолбун иттерди жок кылуу жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин билим берүү ,саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айыл аймагындагы жолбун иттерди жок кылуу максатында
15 000(он беш мин) сом бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Жыгач айыл аймагындагы жолбун иттерди жок кылууга карата тийиштүү документтерди даярдоо жана иш чараларды иштеп чыгуу жана жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин билим берүү ,саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ш.Ташкуловага жүктөлсүн
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |