Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2019-жылдын 28-марты № 12/1
Кара-Жыгач,Кызыл-Туу,Кара-Суу,Авлетим жана Жаны-Жол айыл өкмөттөрү менен биргеликте калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо боюнча муниципалдык биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамынын 18-беренесинин 4-жана 5-пункттарынын талаптарына ылайык жана айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-мартындагы кайрылуусун эске алып сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө райондун башка айыл өкмөттөрү менен өз ара макулдашуу аркылуу калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо боюнча муниципалдык биргелешкен ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган максаттагы муниципалдык биргелешкен ишкананы түзүү үчүн уюштуруучу өкүл катары айыл өкмөттүн башчысы Момунбеков Турдалы Кочкорбаевич көрсөтүлсүн.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Жыгач айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирсин жана сайтка жарыялансын.
Төрага | Ш.Мазакеев |