Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2019-жылдын 02-апрели № 13/5
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылга карата киреше булактарынын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылга карата киреше булактарынын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө ФЭБ башчысы Т.Таласбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз Xlll сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин трансфертинин болжолдуу көлөмү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
(№4 тиркеме 1баракта)
2.Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |