Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2019-жылдын 22-апрели № 14/2
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Таласбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз Xlll сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган акча каражатын жумшоо жагы №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.(№5 тиркеме 1 баракта)
2. Жергиликтүү бюджеттин өзгөртүүлөрү тууралуу, боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине квартал сайын билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Таласбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |