Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XII cессиясы
2018-жылдын 03-декабры № 12-2
Өздүк салымга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл аймагындагы С.Айтиев атындагы Кызыл-Туу орто мектебинин эшиктерин жана айнектерин алмаштыруу долбоорун колдоо үчүн 2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн каражат берүү жөнүндө бюджет, финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Айтиев атындагы Кызыл-Туу орто мектебинин эшиктерин жана айнектерин алмаштыруу долбоорун колдоо үчүн 2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 31111290 статьясынан 385 ( үч жүз сексен беш) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнүп берилген акча каражатынын сарпталышы боюнча айылдык кеңештин бюджет ,финансы , мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучусу Т.Арстанбаевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Т.Шайдиев |