Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XII cессиясы
2018-жылдын 03-декабры № 12-2
Кызыл-Туу айылдык кеңештин Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө талкуусун угуп сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобосу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн ( № 1 тиркеме )
3. Типтүү жобонун негизинде иш алып баруу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Т.Шайдиев |
1-тиркеме
Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө айылдык кеңеш тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобонунун негизинде түзүлгөн комиссиянын курамы:
С.Чукетаев –комиссиянын төрагасы, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
Арстанбеков Д- комиссиянын төрагасынын орун басары, айылдык кенештин бюджет , финансы жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрагасы
Калматова А- комиссиянын катчысы, жооптуу катчы
Ормонов А-комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты
Шеркулов К- комиссиянын мүчөсү,айылдык кеңештин депутаты
Шабыров И- комиссиянын мүчөсү, аксакалдар кеңешинин төрагасы
Бузурманкулов Т- комисиянын төрагасы, материалдык бухгалтер