Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XIII cессиясы
2019-жылдын 25-январы № 13-2
Кызыл-Туу айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2019-жылга бюджетин жана 2020-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелер менен канааттандырарлык деп табылып, бекитилсин.
2. Кызыл-Туу айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү ,өздүк бекитилген киреше 2349,4(эки миллион уч жуз кырк тогуз мин торт жуз) сом, Теңдөөчү грант 3865,3 (уч миллион сегиз жуз алымыш беш мин уч жуз)сом, жалпысы: 6214,7(алты миллион эки жуз он торт мин жети жуз )сом, жайыт ижарасынын жана салыктардын суммасы кошулуп 6327,7( алты миллион уч жуз жыйырма жети мин жети жүз) сом суммасында бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 113.0 (бир жүз он үч мин) сом Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жайыттар жөнүндө мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 37,7 (отуз жети мин жети жүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетине ал эми калган 75,3 (жетимиш беш мин үч жуз) сом 704-бөлүмүнүн 2215 статьясына чегерилсин.
4. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттери жана киреше бөлүгүнүн 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоору бекитилсин.
1. Кызыл-Туу айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 6327,7 (алты миллион уч жуз жыйырма жети мин жети жуз) сом менен бекитилсин.
2. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга жана 2020-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6 статьясынын 4- пунктуна жана 12- статьясынын 3- пунктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 63,3 (алтымыш уч мин уч жуз ) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде192,6 (бир жүз токсон эки мин алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Арстанбаевка милдеттендирилсин.
7. Жол-Сай айылынын айыл башчысынын эмгек акысы айыл калкынын санынын көптүгүнө байланыштуу айыл башчы штаттык бирдигинин 0.50 пайыздан эки кызматкерге бөлүнүп берилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн
9. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Шайдиев |