Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XIII cессиясы
2019-жылдын 25-январы № 13-5
2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бюджет ,мыйзамдуулук жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү
жана өткөрүү үчүн 2019-жылдын чыгаша бөлүгүнүн 22154900 статьясынан 130 (бир
жүз отуз) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Т.Арстанбаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Чукетаев |