Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XIII cессиясы
2019-жылдын 25-январы № 13-7
Ижарага жер берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Батырбек көчөсүнүн тургуну Кыргызбаев Самарбекке Кара-Таш участкасынан кайра бөлүштүрүү фондусунан бак өстүрүү үчүн 10 га жер арендага берилсин.
2. Берилген жердин документтерин такташтыруу, келишимдерин түзүү айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Малабаевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Т.Шайдиев |