Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XIII cессиясы
2019-жылдын 15-февралы № 14-2
Жаныбарларды идентификациядан өткөрүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана жаратылышты коргоо маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагындагы жаныбарларды идентификациялоодон өткөрүү үчүн бирканын мамлекеттик баасы 37,50 сом, ар бир бирканын акчасын банкка төгүү үчүн 2,50 сом, вет адистин акысы 30 сом, бирканын басылган ар бир баш үчүн базага киргизүү үчүн оператордун кызмат акысы 5 сомдон белгиленип, жалпы баасы 75 сомдон бекитилсин.
2. Жаныбарларды идентификациядан өткөрүү жана мамлекеттик бирканын акча каражаттарын мамлекеттин счетуна өз убагында которуп берүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы вет адистери А.Кожобековго, С.Рысбаевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Т.Шайдиев |