Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-апрели № 12-1
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон төмөнкү айылдык кеңештин депутаттарына “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
• Мусанов Эрмек Тынчыбекович– Ак-Баш айылынын тургуну;
• Курбаналиев Акылбек Садирович– Ак-Баш айылынын тургуну;
• Аширбеков Тойчибай Темирович– Талаа-Булак айылынын тургуну;
2. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон төмөнкү атуулдар “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
• Сайранбаев Олжобай- Таштак айылынын тургуну, эмгек ардагери;
• Сатыкулов Мырза – Ак-Баш айылынын тургуну, эмгек ардагери;
• Курбанкулов Мамрасул Бекиевич- Таштак айылынын тургуну, эмгек ардагери;
• Ормонов Алимурза- Таштак айылынын тургуну, санэпидстанция адиси;
• Капаров Курстанбек- Таштак айылынын тургуну, куруучу;
• Калыкова Кенжекан- Талаа-Булак айылынын тургуну, маданият кызматкери;
• Омурзакова Гулнара Мукашевна- Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, маданият кызматкери;
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |