Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги он экинчи сессиясы
2019-жылдын 19-апрели № 12-2
Таштак айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Таштак айылынын түндүк-батыш тарабындагы жаңы ички көчөгө Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Жанжигитов Асандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 15-декабрь 2018-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштак айылынын түндүк-батыш тарабындагы чыгыштан батышты көздөй кеткен ички көчөгө Жанжигитов Асандын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Жанжигитов Асан атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |