Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги он экинчи сессиясы
2019-жылдын 19-апрели № 12-6
Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак учасктасындагы жаңы конуштагы ички көчөгө Маматимин уулу Жолболдунун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 08-февраль 2019-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылынын Көк-Булак учасктасындагы жаңы конуштагы түштүктөн түндүктү көздөй кеткен үчүнчү ички көчөгө Маматимин уулу Жолболдунун ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Маматимин уулу Жолболду атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |