Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги он экинчи сессиясы
2019-жылдын 19-апрели № 12-7
Орто-Азия айылынын Ак-Терек участкасындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Орто-Азия айылынын Ак-Терек учасктасындагы ички көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Атчабаров Калынын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 15-апрель 2019-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Азия айылынын Ак-Терек учасктасындагы чыгыштан батышты көздөй кеткен биринчи ички көчөгө Атчабаров Калынын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Атчабаров Калы атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |