КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги он экинчи сессиясы
2019-жылдын 19-апрели № 12-8
Таштак айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын Таштак айылындагы ички көчөгө эмгек ардагери Пусурманов Кочкордун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 16-апрель 2019-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштак айылынын түндүк тарабындагы батыштан чыгышты көздөй кеткен төртүнчү ички көчөгө Пусурманов Кочкордун ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Пусурманов Кочкор атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |