КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги он экинчи сессиясы
2019-жылдын 19-апрели № 12-14
Кыздар медресеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кызыл-Сеңир айылынын жашоочусу Ш.Жолболдуевдин арыз кайрылуусу боюнча Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 27-декабрь 2018-жылдагы протоколунун негизинде айылдык кеңешинин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Айдаровдун баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир айылынын Т.Жороев атындагы көчөдөгү борбордук мечиттин 639 м кв жерине кыздар медресесинин курууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси К.Жамашевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |