КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги он экинчи сессиясы
2019-жылдын 19-апрели № 12-15
Мамлекеттик фонд эсебиндеги жерлер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Түштүк аймактык топурак арохимиялык станциясынын 2019-жылдын 1-апрелиндеги №111 корутундусуна, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 18-апрель 2019-жылдагы протоколунун негизинде айылдык кеңешинин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Айдаровдун баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фонд эсебиндеги кайраакы айдоо жана чөп орок жерлердин ижара акысы 2019-жыл үчүн былтыркы жылга карата 20% өлчөмгө көбөйтүлсүн жана бир жылдык мөөнөт менен келишим түзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |