Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги он экинчи сессиясы
2019-жылдын 19-апрели № 12-16
Кызыл-Сеңир айылынын тургуну З.Алдосовдун кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 18-апрель 2019-жылдагы Кызыл-Сенир айылынын тургуну З.Алдосовдун орточо эррозияга чалдыккан жерден бак эгип, өздөштүрүү жашылдандыруу үчүн 1,0 га жер сураган арызын канааттандырган протоколун депутат О.Темирбаевдин баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер комиссиясынын 18-апрель 2019-жылдагы Кызыл-Сенир айылынын тургуну Алдосов Замир Шайбековичтин орточо эррозияга чалдыккан жерден бак эгип, өздөштүрүү жашылдандыруу үчүн 1,0 га жер сураган арызын канааттандырган протоколу колдоого алынсын.
2. Мыйзам чегинде жерди тактап, иш кагаздарын тиешелүү мекеме уюмдардын мыйзамдын талабына ылайык даярдоо жагы жер комиссиясынын төрагасы М.Матиевге, жер адиси К.Жамашевге жана арыз ээси З.Алдосовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго жана айылдык кенештин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |