Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги он экинчи сессиясы
2019-жылдын 19-апрели № 12-18
Таштак айылынын тургуну М.Шеримбетованын кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 18-апрель 2019-жылдагы Таштак айылынын тургуну М.Шеримбетованын орточо эррозияга чалдыккан жерден бак эгип, өздөштүрүү жашылдандыруу үчүн 4,0 га жер сураган арызын канааттандырган протоколун депутат О.Темирбаевдин баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер комиссиясынын 18-апрель 2019-жылдагы Таштак айылынын тургуну Шеримбетова Миргул Чынтемировнанын орточо эррозияга чалдыккан жерден бак эгип, өздөштүрүү жашылдандыруу үчүн 4,0 га жер сураган арызын канааттандырган протоколу колдоого алынсын.
2. Мыйзам чегинде жерди тактап, иш кагаздарын тиешелүү мекеме уюмдардын мыйзамдын талабына ылайык даярдоо жагы жер комиссиясынын төрагасы М.Матиевге, жер адиси К.Жамашевге жана арыз ээси М.Шеримбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго жана айылдык кенештин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |