Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-ноябры № 6
Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын аймагынан элдерге турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылынын элдеринин турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында Кара-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылынын тундук тарабынан мамлекеттик фондунун №2740 контурундагы 60,0га кайрак айдоо жери айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомго керектүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Галбаевке тапшырылсын.
Төрага | О. Токсонов |