Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-апрели № 127
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоодо коюлган талаптарын аткаруу үчүн Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына инвестиция, таза суу маселелерин чечүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоодо коюлган талаптарын аткаруу үчүн Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына сырткы каржылоо фонддорунан инвестиция тартып, Өзгөрүш айылындагы спорт комплексинин жанына заманбап күрөш залын куруу үчүн 8млн сомдук инвестицияны бир жарым айдын ичинде тартып келүү жөнүндө Кызыл-Өзгөрөш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Инвестиция аркылуу жаӊы курула турган күрөш залынын тиешелүү иш кагаз документацияларын бүткөрүү мөөнөтүү 2019-жылдын 1-июнга белгиленип аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э. Бакиевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |