Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 128
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуунун жүрүшү жөнүндө айыл өкмөттүн айыл чарба жана жер маселелери боюнча башкы адиси Э.Ажыкуловдун сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдарында көчөлөрдү, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча жума сайын ишембиликтер өткөрүлсүн.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы мекеме уюмдарга жол жээгиндеги бак дарактарды актоо, таштадыларды чыгаруу, жолдорду, ички арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүү жагы мекеме уюм жетекчилерине, айыл башчыларына, айылдын көчөлөрүнө ысымы берилген жарандардын үй-бүлөөсүнө алдына ала эскертилип милдеттендирилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы борбордук базардагы курулуштарга өзгөчө көӊүл бөлүнүп,соода түйүн дүкөндөрдүн айланасын тазалоо иреетке келтирүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |