Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели №130
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы СПАнын 2018-жылда аткарган иштеринин маалыматтын угуу жана аткарган иштерине баа берүү. 2019-жылга аткарыла турган иштеринин иш мерчемин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы СПАнын 2018-жылда аткарган иштери боюнча Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовдун маалыматты эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы СПАнын төрагасын жана курамын 2019-жылдын 15-апрелине чейин түзүп, ишти уюштуруу жагы Кызыл-Өзгөрөш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго милдеттендирилсин.
3. Сугат сууну дыйкандарга камсыздап берүүдө райондук сугат суу тармактар ишканасы жана Үч-Терек, Ничке-Сай айыл өкмөт башчылары менен суу берүүнүн план графигин түзүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |