Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 132
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кош-Булак” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 01.04.2019-жылдагы “Кош-Булак” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү туралуу № 96 сунушу жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин курулуш архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Бакиевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 01.04.2019-жылдагы “Кош-Булак” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү туралуу № 96 сунушу жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин курулуш архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Бакиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу айылдардын ичүүчү таза сууларын көзмөлдөө үчүн Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башкаруусу алдында "Кош-Булак" муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдарды Таза суу менен камсыз кылуу үчүн баардык Таза сууга байланышкан проектилерди 2019-жылга толук бүтүрүү жагы айылдык кеӊештин депутаты Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Таза суунун проектисин толук даярдоого кеткен чыгымдарды айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин курулуш архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Бакиевге тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |