Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 133
Кырзыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-октябрь 2017-жылдагы №690 токтомун аткарууга алуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кырзыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-октябрь 2017-жылдагы №690 токтомун аткарууга алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү, уюштуруу өткөрүү үчүн Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50000 (элүү миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн керектүү каражатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |