Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 134
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-октябрь 2017-жылдагы №690 токтомун жетекчиликке, аткарууга алып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан Таш-Кечүү, Чалдобар, Опоз калктуу конуштарына айыл статусу ыйгарылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жогорудагы белгиленген калктуу конуштарды айыл статусуна которууга тиешелүү баардык мамлекеттик иш кагаз документацияларын белгиленген мөөнөттө даярдап, тиешелүү мамлекттик жогорку органдарга тапшыруу жагы айыл өкмөттүн айыл чарба жана жер маселелери боюнча башкы адиси Э.Ажыкуловго жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы калктуу конуштарды айыл статусуна өткөрүүгө керектүү акча каражаттын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин курулуш архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Бакиевге жана Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |