Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 135
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Таш айылынын тургуну Нусубалиев Максатбектин арызын кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 01.04.2019-жылдагы № 10 токтомунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Таш айылынын тургуну I- топтогу майып Нусубалиев Максатбекке 2011-жылы айыл өкмөтү тарабынан 100м. кв жер аянты өтүк кана курууга берилип, Токтогул райондук шаар куруу архитектура бөлүмү тарабынан тиешелүү докуметтери берилген. Бул жер аянтты айыл өкмөттөн сатып, сатып алуу келишимсиз түз берүү жолун сурагандыгы эске алынсын.
2. КРнын муниципалдык менчик жер мыйзамдарынын негизинде социалдык колдоого муктаж адамдарга социалдык жеӊилдик берүү мыйзамдарында көрсөтүлгөн беренелерге таянып, чечип берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |