Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 136
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Камыш-Башы айылындагы Өскөнбай уулу Маленкул көчөсүнүн жашоочуларынын түнкү жарыктандыруунун электр энергиясына чыгымдалуучу каражатты чечип берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин курулуш архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Бакиевдин сунушун жана Камыш-Башы айылынын элинин арызын эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясынын 20.02.2019-жылдагы №116 токтомунда бекитилген Камыш-Башы айылына труба орнотууга бөлүнгөн 25900 сомду Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Камыш-Башы айылындагы Өскөнбай уулу Маленкул көчөсүндөгү түнкү жарыктандыруунун электр энергиясына чыгымдалуучу каражат катары которулуп берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Камыш-Башы айылындагы Өскөнбай уулу Маленкул көчөсүндөгү түнкү жарыктандыруунун электр энергиясынын чыгымын которуп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин курулуш архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Бакиевге жана Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |